event album

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи

Датасы: 2026-жылдын 31-августу
Убактысы:: 17:00
Жаш курагы: 7+
Верификация: Face ID + QR билет

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы окуясы — Оюндардын тарыхый мекени болгон Кыргыз Республикасына кайтып келишин белгилеген салтанаттуу ачылыш аземи. Бул иш-чарага дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринен келген расмий делегациялар, спортчулар, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышат.

Расписание

31

августпонедельник

17:00

Аба ырайы жөнүндө маалымат жок
5000 сомдон

Сүрөттөмө

🌍 Иш-чара тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы окуясы — Оюндардын тарыхый мекени болгон Кыргыз Республикасына кайтып келишин белгилеген салтанаттуу ачылыш аземи. Бул иш-чарага дүйнөнүн ондогон мамлекеттеринен келген расмий делегациялар, спортчулар, маданият ишмерлери жана ардактуу коноктор катышат. Конокторду катышуучу өлкөлөрдүн салтанаттуу парады жана көчмөн цивилизациясынын тарыхын, салттарын жана маданий мурасын чагылдырган дүйнөлүк деңгээлдеги масштабдуу шоу күтөт. Ачылыш аземине мамлекет башчылары, расмий делегациялар жана жогорку даражалуу өкүлдөр катышат. Бул тарыхый окуяга күбө болуп, дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жаңы барак менен баштаган салтанаттын бир бөлүгү болуңуз. 🌏 Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жөнүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргыз Республикасы тарабынан 2012-жылы демилгеленген эл аралык спорттук-маданий долбоор. Оюндар салттуу спорт түрлөрүн, маданиятты жана илимди бириктирип, көчмөн элдердин бай мурасын азыркы заманбап форматта даңазалайт. Долбоордун негизги максаты — маданий көп түрдүүлүктү сактоо, этноспортту өнүктүрүү жана дүйнө элдеринин достугун чыңдоо. 2026-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзүнүн тарыхый мекени — Кыргыз Республикасына кайтып келет. 🛡️ Коопсуздук талаптары Мамлекет башчыларынын, расмий делегациялардын жана эл аралык коноктордун катышуусуна байланыштуу ачылыш аземи күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен өткөрүлөт. Билет сатып алуу үчүн төмөнкү идентификациядан өтүү милдеттүү: 🪪 ПИН номерин көрсөтүү (чет өлкөлүк жарандар үчүн — паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин маалыматтары); 📸 Face ID аркылуу сүрөт идентификациясынан өтүү; 🎫 жеке QR-билет алуу. ❗ Билет жеке болуп саналат жана башка адамга берилбейт. 👶 Жаш курагы — 7+ Коопсуздук талаптарына ылайык, 7 жашка чейинки балдар иш-чарага киргизилбейт. 7 жаштан жогорку бардык катышуучулар өзүнүн жеке электрондук билети жана милдеттүү идентификациясы менен гана кире алышат. 🚌 Транспорт Иш-чара өтүүчү күнү коопсуздук жана жол кыймылын уюштуруу максатында жеке автоунаалардын жана таксилердин стадионго түз кирүүсү чектелет. «Бишкек Аренага» Бишкек шаарындагы 22 транспорттук түйүндөн жүрүүчү атайын шаттл-автобустар аркылуу гана жетүүгө болот. 📱 Билет сатып алгандан кийин электрондук билетте «Менин шаарым» мобилдик тиркемесине шилтеме жеткиликтүү болот. Анда төмөнкү маалыматтар жайгаштырылат: 🗺️ 22 жөнөө пунктунун картасы; 🚌 шаттл-автобустардын маршруттары; ⏰ жүрүү графиги; 📍 эң жакын жөнөө пунктун тандоо боюнча сунуштар. Маршрутуңуз менен алдын ала таанышып, жөнөө пунктуна эртерээк келүүнү сунуштайбыз.

Жайгашкан жери