Жеке маалыматтар субъектинин анын жеке маалыматтарын чогултуу жана иштетүүгө макулдугу
Мен, эркин, аңдуу, өз эркимде ticket.gov.kg сайтында кийинки идентификациялоо үчүн жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук берем, атап айтканда:
- иштетүүгө (жеке маалыматтардын ээси тарабынан же анын тапшырмасы боюнча, автоматтык же башка каражаттар менен жүргүзүлгөн, жеке маалыматтарды чогултуу, жазуу, сактоо, жаңылоо, топтоо, бөгөттөө, өчүрүү жана жок кылуу максатындагы ар кандай операция же операциялар жыйындысы), ошондой эле:
- жеке маалыматтарды өткөрүп берүүгө (жеке маалыматтардын ээсинин Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык үчүнчү жактарга берүүсү;
- коопсуздукту камсыз кылуу, кирүүнү контролдоо жана колдонуучунун инсандыгын тастыктоо максатында объекттердин, имараттардын жана иш-чаралардын аймагына кирүүдө, чыгуудо жана болуу учурунда Face ID жана QR-код технологиялары аркылуу инсандыкты кийинки аныктоо үчүн жеке маалыматтарды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө;
төмөнкү жеке маалыматтар:
- Face ID;
- фамилиясы, аты жана атасынын аты;
- туулган күнү жана жери;
- жарандыгы жөнүндө маалыматтар;
- байланыш телефонунун номери же башка байланыш ыкмалары жөнүндө маалыматтар;
- инсандыкты тастыктаган документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы;
- жеке идентификациялык номер.
Мен төмөнкүлөр менен таанышып чыктым:
- жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук ушул макулдукка кол коюлган күндөн баштап мамлекеттик (муниципалдык) кызматты мага берүүнүн бүткүл мөөнөтү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызмат жөнүндөгү маалыматтарды сактоо мезгилинде күчүндө болот;
- жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук каалаган формадагы жазуу арызынын негизинде кайтарып алынышы мүмкүн;
- жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдукту кайтарып алуу учурунда менин жеке маалыматтарымды иштетүү толугу менен же жарым-жартылай Кыргыз Республикасынын «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Мыйзамынын 5 жана 15-беренелерине ылайык улантылышы мүмкүн.